Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарова чылымдын зыяндуулугу тууралуу маалымат жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин имаратында жыл сайын 31-майда белгиленип келаткан Дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күрөшүү күнүнө арналган тамеки тартуунун зыяны жөнүндө фотокөргөзмө уюштурулду.