“Алай эли Аксы элинен өткөн агрессивдүү, айтканынан кайтышпайт. Мен алардын мүнөзүн жакшы билем”,- дейт депутат Надира Нарматова 4-июнда “Парламент” радиосундагы маегинде. Айтымында, Алай районунун тургундарынын жол тосушу аргасыздык. “Бийликтин мыйзамсыз аракеттерине Алайдын тургундары да мыйзамсыз жол менен жооп берүүдө. Келдибековго коюлуп жаткан айыптар негизсиз болууда”,- дейт Нарматова.
Депутат элдин талабына бийлик кулак салышы керектигин белгилейт.