Темирбек Асанбеков, “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери: “Оштун газсыз калышына күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек”

“Ош шаарына газ берүүнүн токтоп калышына өкмөт өкүлдөрү күнөөлүү, алар жоопкерчиликке тартылышы керек”,- деди бүгүн, 4-июнда маалымат жыйынында “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек АсанбековАнын айтымында, өкмөт мүчөлөрү орусиялык “Газпром” ишканасы менен келишим түзүп, эртең эмне болорун алдын ала ойлонбой коюшкан. “Эки айдан бери Оштун тургундары газ жок жашап жатышат. Мындан тышкары электр энергиясы жана суу өчүрүлүп жатат. Ушунун баары элдин нааразычылыгын күчөтүүдө. Газ боюнча келишим түзгөн саясатчылар элге газ баллондорду ташып берип, кечирим сурашы зарыл”,- деди Асанбеков.

“Мен президенттик шайлоодо айткан элем, “жаңы президент экономикалык маселелерге кабылат” деп. Бардыгыбыз көрүп жаткандай, божомолум туура чыкты”,- деп кошумчалады коомдук ишмер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан