Камчыбек Ташиев СИЗОдон ооруканага чыгарылды

ЖКнын депутаты Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу УМККнын ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, учурда Камчыбек Ташиев оорукана белгилеген дарылануудан өтүп жатат жана бардык дары-дармектер жетиштүү. Депутат Камчыбек Ташиевдин ашказан жарасы бар экенин УМККнын дарыгери тастыктаган. Айта кетсек, 10-январда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча алгачкы сот иши болуп, Камчыбек Ташиевдин жактоочусу ал күнкү сот ишине төрагалык кылган судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөй тургандыгын айтып, аны башка айыпталуучулардын жактоочулары да колдогон. Жыйынтыгында сот ишти кароодон баш тартып, сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан