Токтогулда кара өпкө оорусунан өлгөн койлор санитардык нормага ылайык көмүлдү

Токтогулда кара өпкө оорусунан өлгөн койлор санитардык нормага ылайык көмүлдү. Муну ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирди.

Эске салсак, айыл аймагынын башчысынын маалыматына ылайык, Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагында 2014-жылдын 3-июнунда Арым жана Бөксө жайлоосунда кара өпкө (пастереллёз) оорусунан болжол менен 100 баш кой өлгөн. Азыркы учурда болжол менен 7000 баш койго эмдөө иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле өлгөн койлор ээлерине таратылып, кой ээлери тарабынан санитардык нормага ылайык көмүлгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан