Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын 75 жылдыгына жана ОшМУнун профессору, техника илимдеринин доктору Идирис Кенжаевдин 60 жылдык мааракесине карата стол тенниси боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. Ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Түштүк Корея, Орусия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен өкүлдөр, спортчулар келип катышышты. Жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстандын чемпиону Руслан Култаев, 2-орунду Алишер Якуббаев (Кыргызстан), 3-орунду Кудрат Абдирахимов (Өзбекстан) ээледи.
Белгилей кетсек, аталган оюндар ОшМУнун табият таануу жана география факультетиндеги спорттук залында өттү.