Темир Сариев Катардын экономика министри менен жолугуп, экономикалык, соода кызматташтык жөнүндөгү келишимге кол койду

Доха шаарында кечээ, 3-июнда Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Катар мамлекетинин экономика жана соода министри Ахмед бен Жасем Мухаммед Аль Тани шейх менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кыргыз-катар соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, КРнын жана Катар мамлекетинин өкмөттөр аралык экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө келишимине кол коюшту.

Эске салсак, аталган келишим демилгеси 2010-жылы Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн жана соода-экономикалык, ошондой эле өнөр жай, энергетика, айыл чарба, транспорт жана коммуникация, курулуш, туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты да камтыйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан