Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү курууда учурда инженердик иликтөө иштери жүрүүдө

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу иштери улантылууда. Учурда ал жерде геодезисттер жана инженерлер иштеп, өлчөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ош шаардык жол-курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов билдирди.

Маалым болгондой, бүгүндөн тарта жер алдындагы инженердик коммуникацияларды которуу жумуштары башталды. Учурда 5 жүк ташуучу жана казуучу оор техникалар жана 15ке жакын куруучулар иштөөдө. Инженердик иликтөө иштери толук аяктаса, жумушчулардын да, техникалардын да саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле вице-мэр Жапарбек Ормонов эстакадалык көпүрөнүн курулушунун жүрүшүнө жана жасалып жаткан иштин сапатына мэрия тарабынан тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jooshbala
2014-06-04 13:02:07
Ушул көпүрө бүтүп кетсе жакшы эле
0
samar82
2014-06-04 13:35:01
Бутушу кыйын болдуго, жонокой копуро курулатда эми аны да 2 жылда бутоор бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан