Кыргызстанда Түркиянын ден соолукту бекемдөө жумалыгы өтөт

Кыргызстанда Түркия ден соолукту бекемдөө жумалыгын өткөрөт. Бул тууралуу кечээ, 3-июнда Анкара шаарында басма сөз жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара боюнча келишим Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын Жогорку кеңешинин 3-отурумунда кабыл алынган.

“Азырынча иш-чара кайсы күнү өтөрү так белгилене элек. Бирок жай мезгилинде өтөрү анык. Аталган жумалыктын алкагында Кыргызстанга Түркиянын адистери өз жабдуулары менен келип, чоң кишилерди жана кичинекей балдарды медициналык кароодон өткөрөт. Ошондой эле түркиялык адистер биздин адистер жасай албачу бир катар операцияларды өткөрүүсү пландалууда”,- дейт Д.Сагынбаева.

Эске салсак, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жетектеген делегация Түркия Республикасында иш сапары менен жүрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан