Кыргызстанда парламенттик шайлоодо партиядагы ар бир талапкерге өзүнчө добуш берүү системине өтүүгө азырынча эрте. Муну депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин 4-июндагы жыйынында билдирип, мындай систем келечектин иши экенин айтты. “Азырынча буга биздеги шайлоо механизми, салт-санаа мүмкүнчүлүк бербейт. Мисалы, шайлоодо бир партиядан 200дөй талапкер катышса, анын баарына добуш берип, эсептеп чыгуу татаал. Келечекте шайлоо процессин компьютерлештирүү системи кирип калса, бул нерсени жасасак болот. Мен буга каршы эмесмин”,- деди Текебаев.
Айта кетсек, парламентте КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.