Бүгүн, 4-июнда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков ишин баштаганына 100 күн болгондуктан, 100 күндүгү боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Жусупжан Жээнбеков өнөр жай, айыл чарба, инвестиция тартуу тармагын көтөрүү жана жаштарды жумушка орноштуруу маселесин жакшыртуу жагына өзгөчө көңүл буруу менен өз ишин баштаганын айтып, учурда кайра иштетүү тармагы боюнча Аксы, Ала-Бука райондорунда жумуш жакшы жөнгө салынганын билдирди.