Алайда милиция кызматкеринин сабалганы боюнча кылмыш иши козголду

Алайда милиция кызматкеринин сабалганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 4-июнда билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июнь күнү саат 12:45 чамасында Алайда жолду бууп турушкан Ахматбек Келдибековдун тарапташтарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартип бузгандарды аныктоо максатында кызматтык милдетин аткарып жүргөн Алай РИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкери Алмазбек Маматовду митингдин катышуучуларынын ичинен белгисиз 10го жакын атчан адам сабап, аты менен 40 метрдей сүйрөп барышкан. Натыйжада милициянын майору Алмазбек Маматов мээси чайкалып, денеси көгөрүп, шишиген абалда ооруканага түшкөн.

Митингдин уюштуруучулары "тартип бузгандарды өзүбүз кармап, укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз" деген убадасынан тайып, сырттан барган милиция кызматкерлерин "митингге катышкан кылмышка шектүү катары кылмыш козголгондорду кармап кетип калат" деген коркунуч менен жакын жолотпоого аркеттенишүүдө” - дейт Ашырбаев.

Эскерте кетсек, 27-майдан тарта Алайдын Сопу-Коргон айылынын тургундары тарабынан Эркеч-Там унаа жолу буулган. Алардын талабы - ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду камактан чыгаруу.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baiys-baiys
2014-06-04 19:43:43
кечээ Жоомарт оторбаев болсо парктын чек арасын тактап журот ошодон коро баткендеги маселени,ошол жердеги чек араны тактабайбы кайдагы КЫРГЫЗСТАНДЫН ичиндеги парктардын чек арасын тактабай! Билбейм бийлик элдин тагдырын ойлонбойт деле окшойт! ошто газ свет жок!?эптеп эле бийликтин колтугуна кируу экен да!!!
+3
admin_portal
2014-06-05 10:11:15
baiys-baiys - түбөлүк БАН!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан