Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Арфидин Аланов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Кошумчалай кетсек, Арфидин Аланов 1956-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кыр-Кол айылында төрөлгөн. Эмгек жолун 1973-жылы Ноокат районундагы «Россия» колхозунан баштаган. 1983-жылы облустун базасындагы «Кыргызрыбпромсбыт» ишканасында директордун орун басары кызматында иштеген. 2005-жылдын август айынан бери Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматын аркалап келген. Айта кетсек, Арфидин Аланов Ош шаардык кеңешинин депутаты.