Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору аркылуу парламенттик шайлоодо аймактык тизме деген түшүнүк киргизилип жатканын айтты. Тактап айтканда, өлкөдө 9 шайлоо округу түзүлүп аймактагы талапкерлер партиянын тизмесинде арткы орунда турганына карабай парламентке депутат болуп калышы мүмкүн. “Аймакта кадыр-баркы жогору болсо, жетиштүү добуш алса, партияда 120-тизмеде турган талапкер да алдынкы тизме менен парламентке депутат болуп келиши мүмкүн”,- деди Текебаев.
Мындан кийин айрым депутаттар “андай болсо аймактардан көп добуш алып шайланган депутат парламентте фракция лидерине баш ийбей коёт” дешти.
Текебаев буга: “Азыр кандай болууда? Аймактан бир да добуш албаган депутат деле фракция лидерине баш ийбей жатпайбы? Мындай коркунуч азыр деле бар. Тескерисинче, бул мыйзам партиялык тизмени түзүүдөгү коррупцияны азайтат. Мурункудай начар бир партия алдынкы 5 мандатын башка бирөөгө сатып, татыксыз талапкер депутат болбосун деп жатабыз. Аймактарга барып жетиштүү добуш алып кел деп жатабыз”,- деп жооп берди.