“Медициналык текшерүүдөн өткөн айымдардын ичинен 8700үндө ар кандай оорулар катталды. 3700ү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун каттоосуна тургузулду. Акысыз кароого келгендерге карата цитологиялык жана онкологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, сүт бездеринин рак ооруларын аныктоо боюнча 11 миң аял текшерилди. Тиешелүү адистерге кеңеш алуу үчүн 5 миң айым кайрылды”,- дейт Р.Асылбашева.
Дарыгердин айтымына караганда, медициналык кароонун алкагында 750 айым кальпоскопиядан (жатындын моюнчасынын рагын аныктоо) өттү.
“Ошондой эле 800 айымга бойго бүтүүдөн сактоочу спиралдар коюлду. 21 айымга бойго бүтүрбөөчү ийне сайылды. 3100 айым бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттар менен камсыз болду”,- деп кошумчалайт дарыгер.