Кыргызстандын тигүүчү мекемелеринин жетекчилери Бажы биримдигине кирүүнү колдоодо. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда алар өздөрү маалымат жыйынында билдиришти.
“Лариса” ири тигүүчү мекемесинин башчысы Лариса Попкованын айтымында, Бажы биримдигине кирүүдө бир топ коркунучтар бар. “Учурда биз тиккен кийимдерибиздин басымдуу бөлүгүн Орусияга жана чет өлкөлөргө жөнөтөбүз. Аталган уюмга кирсек, биздин кийимдер анын стандарттарына туура келбей калат деген коркунучтабыз”,- деди айым.
“Легпром” ассоциациясынын башчысы Фархад Төлөгөновдун айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, чек арадан өткөрүлүп жаткан кийимдердин сапатын текшерүүчү лабораторияны куруу маселеси жаралат. “Лабораторияны курууга да каражат керек. Ал качан курулуп бүтөрү да белгисиз бойдон калат”,- деди ал.