3-июнда АКШда көлөмү теннис тобундай болгон мөндүр жаап, ондой адам жаракат алды. Небраска штатынын бир тургуну оор абалда ооруканага жеткирилди. Метеорологдордун айтуусунда, мөндүр ылдамдыгы саатына 145 чакырымга жеткен катуу шамал менен коштолгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул жаратылыш кырсыгынан Небраска, Айова жана Вайоминг штаттары катуу жабыркаган. Диаметри 9 сантиметрге жеткен мөндүр бир нече унааны жана үйлөрдүн чатырларын тешип, айнектерин талкалаган. Кырсыктын кесепетинен 12 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калды жана көптөгөн авиакаттамдар убактылуу токтотулду.
Учурда жергиликтүү тургундар аба ырайынын калыпка келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө.