Ош шаарынын бюджетинен 2012-жылы 54,2 миллион сом үнөмдөлдү. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясы билдирди. Белгилүү болгондой, шаардык бюджеттин жыл ичиндеги кирешеси 1 миллиард 529,9 миллион сомду түзсө, анын ичинде 31 пайызын салыктан түшкөн киреше, 29 пайызы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат, 37 пайызы ар кандай гранттардан үнөмдөлгөн жана 3 пайызы атайын бюджеттик мекемелерден түшкөн киреше. Ал эми шаардын жылдык чыгашасы 1 миллиард 509,5 миллион сомду түзгөндүгүн билдирет мэрия.