Алай районунда 20 сантиметр кар жаады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 3-июнда Алай районунун Сары-Таш, Сары-Моңол жана Талды-Суу айыл аймактарынын аймагында 20 сантиметр, айрым жерлерде андан да калыңыраак кар жааган. Буга байланыштуу малды өлүмдөн сактоо максатында малчылар жайлоодогу мал жандыктарды төмөн жайгашкан кыштоолорго айдап түшүштү.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүнкү күнгө карата 3 баш кой өлгөн. Азыркы убакта жемге жана башка тоютка муктаждыктары жок экендиги белгилүү болду.