Нарында кар аралаш жааган жаандын кесепетинен мал кырылып жатат

2-3-июнь күндөрү кар аралаш жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районуна караштуу Баетов, Терек айыл аймактарынын Орто-Сырт, Кара-Суу жайлоолорунан 3 баш жылкы, 242 баш кой-козу, ал эми Ак-Чий айыл аймагынын Орто-Жайлоо жана Майыстан жайлоолорунан 87 баш кой-козу өлгөн. Жалпысынан алганда Ак-Талаа району боюнча 329 баш кой-козу жана 3 баш жылкы өлгөндүгү тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы айыл аймак башчыларына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, күн жылып, мал жайлоого чыгарылар алдында мал ээлери койлорун кыркышкан. Бүгүнкү күнгө чейин жаан көп жаабагандыгынан тоолордо кургакчылык болуп, мал көтөрүм болуп өлгөн жана эки күн жааган жаандын кесепетинен көбүнчө жүндөрү кыркылган койлордун ичтери көөп өлгөн.

Азыркы учурда Айыл аймактык жана Райондук жарандык коргонуу комиссиялары жана Райондук ветеринардык кызматынын кызматкерлери түзүлгөн кырдаал боюнча отурум өткөрүшүп, жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан