Өмүрбек Текебаев шайлоодогу пропорционалдык жана мажоритардык системдин кемчиликтерин айтты

Парламенттин 4-июндагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Демилгечилердин бири Өмүрбек Текебаев шайлоодо колдонулган пропорционалдык жана мажоритардык системдин кемчиликтерин айтты.

“Эки принципте тең кемчиликтер бар. Мисалы, мажоритардык системде 51 пайыз добуш алган партия өтүп, 49 пайыз добуш алган партия өтпөйт, ага бир да мандат берилбейт. Шайлоочулардын чоң колдоосуна ээ болгондор деле коюлган чектен улам шайланбай калышат. Ал эми пропорционалдык системдин кемчилиги – шайлоочулар абстракттуу талапкерлер үчүн добуш беришет. Партиялар алдына ырчы-чоорчу, спортчуларды коюп алышып желегин желбирете беришет”,- деп билдирди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан