Кочкор районунда жаңы мектеп ачылды

Кечээ, 3-июнда Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Оро-Башы айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. 

Оро-Башы айылындагы мектеп мындан бир топ жыл мурда жергиликтүү тургундардын күчү менен курулган. Курулуш жеткиликтүү эмес деңгээлде курулгандыктан, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын көмөгү менен 2013-жылдын 4-мартынан баштап жаңы мектеп курулган.

Ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, район акими Жылдызбек Шералиев жана Катар мамлекетинин КРдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед бин Арар Аль-Наими катышты. Бул тууралуу Кочкор районунун акимчилигинен билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Umka220190
2014-06-04 14:37:46
Кубанычтамын))
0
talant87
2014-06-04 22:59:40
сонунго 2 мектеп бир кундо колдо нарында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан