Кыргызстанда 5 ай ичинде бир жарым миңден ашуун өрт кырсыгы катталып, 41 адам каза болду

Кыргызстанда январь-май айларынын аралыгында 1611 өрт кырсыгы катталып, анда 41 адам каза болду. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдындагы өрткө каршы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаары боюнча 5 ай ичинде 284, Ош шаарында 69 өрт кырсыгы катталган. Ал эми Чүй облусунда 430, Жалал-Абадда 168, Ысык-Көлдө 223, Нарында 75, Таласта 73 жана Баткен облусунда 78 өрт кырсыгы тууралуу чакыруу болгон. 

Өрттүн келип чыгышына көпчүлүк учурда отко этиятсыз мамиле кылуу, электр жабдыктарын пайдалануу, мештерди орнотуудагы эреже бузуулар жана балдардын от менен ойногондугу себеп болгон. 5 ай аралыгында өрттөн 41 адам каза болсо, алардын үчөө жаш балдар. 

Ал эми жараат алган 22 адамдын ичинен алтоосу жаш балдар. Жалпысынан кырсык 114 миллион 112 687 сом материалдык чыгымга алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан