Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-июнда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда элет жергесиндеги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Төрага “жергиликтүү кеңештердин депутаттары айыл өкмөттөрү менен тыгыз кызматташуу аркылуу иштин натыйжалуулугун арттырышы керек” деп баса белгиледи.
Жээнбеков аймактарды реформалоо жүзөгө ашарын, келечекте айыл өкмөт жетекчилери шайлоо жолу менен тандаларын баса белгиледи. “Айыл өкмөт башчыларын шайлоого барабыз. Бул алардын жергиликтүү депутаттарга эмес, элге көбүрөөк көз каранды болушун шарттайт. Ошону менен катар, алардын ыйгарым укуктары каралат. «Жерди трансформациялоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Жергиликтүү бийлик айылдардын башкы планын түзүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү абзел. Турак жай куруу үчүн жер аянттарын берүү саясаты айдоо аянттарына зыянын тийгизбеши керек",- деди ал.