“Кыргызстанда партиялык диктатураны азайтканы жатабыз” деди депутат Текебаев

“Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен биз өлкөдө партиялык диктатураны азайтканы жатабыз”,- деди депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин 4-июндагы жыйынында. Айтымында, бул систем саясий коррупцияны азайтууга шарт түзөт

“Бул принцип менен өлкөдө жаңы лидерлер пайда болот. Керек болсо бир аймактан көп добуш алып келген талапкерге партиянын төрагалыгын бере турган системди сунуштап жатабыз. Партиядагы борборлоштурулган механизмди азайталы дейбиз. Мурунку шайлоодо айрым партиялардан жергиликтүү лидерлер чыгышып, ийгиликке жетишти. Бирок жыйынтыгында мандат бөлүштүрүүдө жаңжал чыкты. Биз ушуну жок кылууну мыйзам менен бекемдеп коёлу деп жатабыз”,- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан