Юридикалык жактардын мамлекеттик орган, мекемелердин аты менен аталуусуна тыюу салынат

Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-июнда юридикалык жактардын аталыштарын жөнгө салууга багытталган “КРнын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстан аймагындагы юридикалык жактардын мамлекеттик органдар жана мекемелердин аты менен аталуусуна тыюу салынат. Ошондой эле юридикалык жактардын кызмат аталыштары мамлекеттик кызмат орундарынын аталышын кайталабоого тийиш. Эгер ошондой аталып калса, юридикалык жактар өз аталышын өзгөртүүгө милдеттендирилгени жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан