Ысык-Көл облусундагы Челпек айылында жаңы мектеп ачылды

Кечээ, 3-июнда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ак-Суу районунун акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Челпек айылында буга чейин мектеп болбогондуктан, айылдын балдары Каракол шаарына коомдук транспорт менен каттап окушчу. Жаңы курулган мектептин жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде 10 класстык бөлмө, мугалимдер бөлмөсү жана директордун кабинети тиешелүү эмеректер менен толтурулган. Андан сырткары окуучулардын тамак-ашы үчүн да атайын бөлмө бар. Бул жайга 450дөй окуучу батат. Кошумчалай кетсек, мектеп Катар мамлекетиндеги RAF фондунун көмөгү астында бүткөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-06-04 22:55:25
мектеп кандай сонун жаны салынса анданда сонун эхх кадырына жетиш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан