"Кыргызстанда чыгарылганына 20 жылдан ашуун убакыт өткөн унаалардын күндүз жолдо жүрүшүнө тыюу салуу зарыл". Бул пикирди бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Депутат мындай эрежени экологиялык коопсуздук үчүн киргизүү зарыл деп эсептейт. "Бул унаалар нормадан 15-20 эсе ашык уу газдарды бөлүп чыгарат. Алгач бул эрежени Бишкек шаарына киргизүүнү сунуштайм",- деди Нышанов.