Бишкекте унааны уурдай качып, жол кырсыгына кабылган жаран изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин ЖККнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда маалымдады.
Белгилүү болгондой, бүгүн эртең менен саат 06:30 чамасында, аты-жөнү тактала элек, Лексус RX-300 унаасынын айдоочусу Лев Толстой көчөсүнөн Мерседес 1524 LK унаасы менен сүзүшүп алган. Кийин аталган айдоочу жанында баратып жаракат алган эки жургүнчүсүн таштап коюп качып кеткен. Лексус унаасынын жүргүнчүлөрү болгон Айбек жана Данияр аттуу жарандар ооруканага жеткирилген.
Кийин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсыгы боюнча документтер толтурулуп жаткан мезгилде, азиат улутундагы жаран келип, кырсыкка кабылган Лексус унаасынын ээси экендигин жана аны белгисиз адамдар уурдай качканын айтып берген.
Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Унаалар айып жайына токтотулду.