Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Муну бүгүн, 4-июнда президенттин аппараты билдирди.
Жарлыкка ылайык, 2013-2017-жылдардын мезгилине мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10, 16, 45 жана 65-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечиминин негизинде токтом кылынат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы;
2) Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлору.
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо бекитилсин.
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын (мындан ары – Улуттук программа) ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун институттарынын жана жарандардын мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин камсыз кылуу жана мамлекеттик, расмий жана дүйнөдө кеңири таралган башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын муунун тарбиялоо боюнча ишинин абдан маанилүү бөлүгү болуп эсептелсин.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы №268 “2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө” жарлыгынын 1, 3, 7-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы №365 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө” жарлыгынын 2-пункту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам чыгаруу ишин жүргүзгөндө Улуттук программанын жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди артыкчылыктуу тартипте кароо сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Улуттук программаны аткаруу жана анын максаттуу индикаторлоруна жетишүү боюнча иш-чаралардын планын, конкреттүү чараларды, каржылоо булактарын, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, аткарууга жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо менен эки айлык мөөнөттө иштеп чыгууга;
2) Башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, жарандык коом менен өз ара аракеттенип, Улуттук программаны толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылууга;
3) Улуттук программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топко берип турууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына Улуттук программанын максаттары, негизги жоболору жана аны аткаруунун жүрүшү тууралуу жигердүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.