Бишкекте Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча тегерек стол өтүүдө

КРнын Президентинин буйругуна ылайык, КРнын Экономика министрлиги кыргызстандыктар үчүн Бажы биримдиги боюнча түшүндүрүү иштеринин алкагында бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июндагы тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Экономика министринин орун басары Данил Ибраев айтып, аталган иш-чаранын максатына токтолду.

Анын айтымында, жол картасын кабыл алуу Бажы биримдигине кирүүгө милдеттендирбейт. “Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев белгилегендей, 2015-жылдын 1-январына чейин жол картасынын шарттарын ишке ашыруу зарыл. Ушул багытта бир топ долбоорлор жүргүзүлөт”,- деди ал.

Мындан тышкары Д.Ибраев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жумшучу топтун түзүлгөндүгүн баса белгиледи. 

Эскерте кетсек, 29-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасы биримдиктеги өлкө өкүлдөрү тарабынан кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан