Нарындагы жаан-чачынга туруштук бере албай жайлоого жүнү кыркылып чыккан малдар кырылууда

Нарын облусунда 2-3-июнь күндөрү кар аралаш жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районундагы жайлоолорго жүнү кыркылып чыккан мал кырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 329 баш кой-козу жана 3 баш жылкы өлдү. Жергиликтүү ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, жайлоого чыгар алдында жүнү кыркылган майда мал катуу жаанга туруштук бере албай калганы айтылууда. Ошондой эле буга чейинки кургакчылыктан улам мал арык болгону маалым.  

Азыркы тапта ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын адистери жаралган маселени иликтөө үчүн Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунда иш алып барышууда.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан