Бакыт Төрөбаев кесиптештерин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү демилгесин колдоого чакырды

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев парламенттик шайлоо боюнча мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдоого кесиптештерин чакырды. Айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору аймактар менен партиялардын иштешүүсүн жандантат.

“Партиялар жергиликтүү лидерлерди өстүрүү менен активдүү алектене баштайт. Аймактар менен байланыш күчөйт”,- деген депутат мыйзам долбоору өткөн шайлоолордогу кемчиликтерди эске алуу менен демилгеленгенин белгилеп, кесиптештерин колдоого чакырды.

Айта кетсек, сунушталып жаткан мыйзамда парламенттик шайлоо аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүнүн тартиби өзгөртүлгөнү жатат. Буга чейинкиде бир көрүнүктүү лидердин арты менен татыксыз адамдын Жогорку Кеңешке депутат болуп калышына чек коюлмакчы. Жаңы сунуш боюнча, парламенттик шайлоодо аймактык жана республикалык тизме болот. Муну менен добуш берүүдө шайлоочуларга партия лидерин гана эмес, партиядагы талапкерлерге да карап добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилгени жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан