Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков бүгүн,
4-июнда 2014-жылдын 2-7-май аралыгында Орусиянын Волгоград шаарында өткөн I Европалык Дельфа жаштар оюндарынын катышуучулары жана
сыйлык ээлери менен жолугушту.
Жолугушууга ЖКнын депутаты Ирина
Карамушкина катышты. Кыргызстандын курама командасынын
жетекчиси Татьяна Масиевская кыргыз жергесинен барган оюн катышуучулары «Элдик
көркөм кол өнөрчүлүк», «Заманбап бий» сындуу 13 номинациянын ичинен 15
байгелүү орунду жеңип алганын билдирди.
«Бул оюндарга катышкан башка командалардан
айырмаланып, биздин делегация эң ыкчам жана чыгармачыл топ катары таанылды»,-
деп сыймыктанган Татьяна Масиевская Кыргызстанда Дельфа оюндарынын Евразиялык
борборун түзүү идеясы талкууланганын, мындай саамалык өлкөнүн оң имиджине
түрткү берерин кошумчалады.
Төрага жаш жеңүүчүлөр менен алардын
устаттарына жакшы натыйжаларга жеткени үчүн ыраазычылык билдирди. «Жогорку
Кеңеш көркөм өнөр менен чыгармачылыкты өнүктүрүүгө зор салым кошуп жаткан жаш
таланттарга көмөк көрсөтүүгө багытталган бардык демилгелерди колдоого даяр»,-
деди ал.
Белгилей кетсек, Дельфа оюндарынын бул жолку
катышуучуларына Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом бөлүнүп
берилген.
Маалымат үчүн: 2014-жылдын 2-7-май аралыгында Орусиянын
Волгоград шаарында «Маданият – өнүгүү багыты» урааны астында I Европалык Дельфа жаштар оюндары жана XIII Орусиянын
Дельфа жаштар оюндары өттү.