Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-июнда “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралууда. Депутат Мирлан Бакиров кесиптештерин өлкөнүн шайлоо системин жакшыртууга багытталган бул демилгени колдоого чакырды.
"Биз шайлоочулар менен жолугушканда парламенттик шайлоо пропорционалдык системде өткөндүктөн, шайлоо мыйзамдарында аймактардын кызыкчылыгы эске алынбай калганы тууралуу маселе байма-бай көтөрүлүп жатат. Анткени таптакыр депутат шайланбай калган аймактар көп. Кантсе да алардын койгон талабы адилеттүү. Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртө албайбыз. Ошондон улам ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты",- дейт депутат.
Бакиров эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, кыргыз парламенти менен өлкө аймактарынын өз ара байланышы бекемделе турганын кошумчалады.