Нарын облусунда пастереллёз ылаңына каршы 72 миңге жакын кой-эчки эмделди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү Нарын районунун Кара-Кужур, Эмгек-Талаа айыл аймактарында кой-эчкилер арасында оору чыккан. Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору тарабынан лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, натыйжада пастереллёз оорусу экени аныкталган. Анын кесепетинен Эмгек-Талаа айыл аймагында 100 жана Кара-Кужурда 73 баш кой-эчки өлгөн. Ошондой эле 3-июнь күнү Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагында кара өпкө оорусунан 100 баш кой-эчки өлгөнү айтылган. Мындан улам коомчулук арасында “Эмне болгон оорулар?”, “Ылаңдап өлгөн малдын этин жесе болобу?” деген суроолор жаралышы толук мүмкүн. Мына ушул жана башка суроолорго Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы адиси Калыбек Мүсүралиев жооп берди.

- Пастереллёз менен кандай малдар ылаңдашат?

- Пастереллёз – былжыр челдерде жана өпкөдө сезгенүүлөрдү пайда кылуучу септицемия түрүндө өтүүчү жугуштуу ылаң. Аны менен үй жана жапайы жаныбарлардын бардык түрү ооруйт. Ылаң жылдын бардык мезгилинде кездешет. Көбүнчө туут убагында. Эгер ушул мезгилде койлордун багуусу начар болсо, оору эпизоотия түрүнө өтүшү мүмкүн. Ылаңдап айыккан койлордун денесинде микроб бир жылга дейре күчүн жоготпостон сактала берет. Соо малга микроб булганган жем-чөп, суу аркылуу, негизинен дем алуу жана тамак сиңирүү органдары аркылуу жугат. Ылаң бир нече сааттан 2-3 күнгө чейин созулат. Оорукчан мал көпчүлүк учурда 1-2 суткада өлөт.

- Кара өпкө деген кандай оору?

- Кара өпкө оорусу менен 3 жашка чейинки эчкилер ооруйт. Ылаңдын негизги булагы - оорулуу жана андан айыккан эчкилер. Оору малга дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу, тоюттандыруу шарты начар болгондо жана жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт. Бул ылаң менен кой баласы оорубайт. Ылаңга чалдыккан эчкилердин 90-100 пайызы өлүмгө учурайт. 

- Учурда аталган оорулардын алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

- Учурда оорубаган малдарга антибиотиктер берилип, Нарын, Кочкор райондору боюнча 71 612 кой-эчки Казакстандан чыгарылган вакцина менен эмделди. Мал ээлерине ветеринардык адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өлгөн мал союлбастан көмүлдү. Пастереллёз ылаңы менен көбүнчө арыктаган малдар ооруйт. Алардын этин сатууга такыр мүмкүн эмес. Ооруган малдын этинин түсү саргыч тартып, кармаганда былжырап турат.

- Облус боюнча канча кой-эки бар?

- 2014-жылдын 1-январына карата Нарын облусунун аймагында 916 046 баш кой-эчки катталган. Алардын ичинен 714 683ү кой, 201 363ү эчки.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан