Депутат Исмаил Исаков КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты. "Биз бул мыйзам долбоорун кабыл албашыбыз керек”,- деди ал.
Айтымында, бул мыйзам кабыл алынса, парламенттик шайлоодо партия лидерлери партиянын тизмесиндеги алдынкы он орунду сатууну бизнеске айлантат.
“Эгерде партиядагы талапкерлердин тизмесин аймактарга карап түзсө, тизменин башындагы орундарды сатып алып башташат. Партия бизнес болуп калат. Мындан сырткары бул долбоор өлкө жарандарын аймак-аймакка бөлүүгө жол ачат”,- деди Исаков.
Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралды.