Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат парламенттик шайлоо боюнча мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Демилге боюнча баяндама жасаган депутат Өмүрбек Текебаев айтылган сындарга жооп берди.
“Кыргызстанда саясий элитаны алмаштырышыбыз керек. Асфальтты жарып чыккан гүлдөй болуп жергиликтүү лидерлер чыгууда, аларга шарт түзүшүбүз зарыл. "Республикалык деңгээлге чыктык, эми айылга барбай эле депутат болуп шайланабыз" деген кыялды жоготуш керек. Айыл өкмөт башчылыгынан баштап бир топ тепкичтерди басып өткөн адам республикалык деңгээлде мыкты иштей алат”,- деди Текебаев.
Депутат "бул мыйзам партиянын ичиндеги коррупциялык иштерге жол ачат" деген сындарга да жооп кайтарды.
"Азыркы шайлоо системи коррупцияга ылайыктан систем. Алдынкы тизмени сатып алып шыпка түкүрүп жатса деле өтүп кетүүдө. Муну баарыбыз эле айтып жатабыз. Орундарды акчага сатып жиберип, кийин аны бөлүшө албай ызы-чуу чыкканын бүт кыргызстандыктар билишет. Бул мыйзамды Текебаев эмес, фракция лидерлери баш болгон 40ка жакын депутат демилгелеп жатат",- деди "Ата Мекендин" лидери.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.