"Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамеки тартуунун зыяндуу таасирлеринен коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынган 2008-жылдан ушул кезге чейин өкмөт аны ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыга элек",- дейт депутат Дамира Ниязалиева. Муну депутат бүгүн, 4-июнда Дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күрөшүү күнүнө карата өткөн маалымат жыйынында айтты.
"Кыргызстанда акыркы 20 жыл аралыгында 1990-жылга салыштырмалуу тамеки тарткан адамдардын саны 3-4 эсе көбөйдү. Организми тамеки тартууга тез көнгөндүктөн, алардын басымдуу бөлүгү аялдар болуп саналат",- дейт депутат.
Андан сырткары, депутаттын айтымында, тамеки тартуу өнөкөтүнө байланыштуу оорулардын айынан жылына 6 миллион адам өлөт, 2030-жылы алардын саны 10 миллионго жетиши мүмкүн. Ошондон улам өкмөт мындан 6 жыл мурда мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү ишке ашыруунун так механизмдерин иштеп чыгуусу керектиги сунушталды.
"Азыркы учурда анчалык көп чыгымдарсыз улуттун ден соолугун сактоо керек. Ал үчүн өкмөт өзүнүн саясий эркин көрсөтүү менен сергек жашоо артыкчылыгын жайылтууга тийиш",- дейт депутат.