Мукай Кадыркулов: “Мамлекеттик чек аралардагы көзөмөл-өткөрүүчү жайларды бекемдөө иштерине 115 миллион доллар бөлүнгөн”

Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасында белгиленген мамлекеттик чек аралардагы көзөмөл-өткөрүүчү жайларды бекемдөө иштерине 115 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Бажы кызматынын башчысынын орун басары Мукай Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, Бажы биримдиги аскердик-саясий биримдик эмес. “Жол картасында мамлекеттик чек аралардагы бекемдөө боюнча иш-чаралар каралган. Берилген акча каражатка көзөмөл-өткөрүүчү жайларга атайын текшерүүчү жабдуулар сатылып алынган. Маселен, жүк ташуучу унааларды текшерген бир жабдуунун баасы 5 миллион долларга барабар”,- деди М.Кадыркулов.

Мындан тышкары ал Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде мамлекеттик чек араларда кыргызстандык бажы кызматкерлеринин иштерин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан