Нариман Түлеевдин ден соолугуна байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

ЖКнын депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин жана мэриянын мурдагы жогорку кызматкерлерине карата сот иши бүгүн, 14-январда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралмак. Бирок сот Нариман Түлеевдин ден соолугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов билдирди. Анын айтымында, түшкө чейинки тыныгууда ага Нариман Түлеев ден соолугуна байланыштуу сотко келе албай тургандыгын кабарлашкан. Жактоочу азырынча депутаттын кайсы жери ооруп жатканын билбейт. Сот иши белгисиз убакытка жылдырылды. Ал эми сот жактоочудан Түлеевдин дарыланып жаткандыгы тууралуу аныктама алып келүүсүн сурады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан