Жылнаама, 5-июнь: Мындан 73 жыл мурун "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" тасмасындагы белгилүү польшалык актриса Барбара Брыльска төрөлгөн

* Мындан 92 жыл мурун, 1922-жылы Пишпек уездинин шаардык партиялык 5-курултайы ишин баштаган. Курултайда жаңы саясий системди куруудагы партиялык уюмдун милдети жана коммунисттик идеалдарга каршы жат көрүнүштөрдү жоюу сыяктуу маселелер каралган.

* Мындан 141 жыл мурун, 1873-жылы Англиянын кысымы менен Занзибар аралындагы дүйнөдөгү эң чоң кул базар жабылган. 

 
* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы польшалык актриса Барбара Брыльска төрөлгөн. Барбара Брыльска СССР киносуна 1975-жылы 1-январда "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" тасмасына тартылуу үчүн келип, ошону менен советтик болуп калган. Тасма жарыкка чыккандан кийин 31 жыл бою актриса тасмадагы имиджин өзгөрткөн эмес. Актриса 70тей тасмага тартылып, бирок бири да "Тагдырдын тамашасы" тасмасындай атак бере алган эмес. 2007-жылы Барбара Брыльска "Тагдырдын тамашасы. Уландысы" тасмасында кайра эле Надежданын ролун жараткан.
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы "Грузияда грузин тилин билген жарандар гана өлкө жараны болуп эсептелет" деген мыйзам кабыл алынган.
5-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан