Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгында “Нарын” ЭЭАнын өкүлчүлүгүн Кашкар шаарына ачуу боюнча макулдашууга кол коюлат. Форумдун алкагында туризм тармагы менен облустун экономикалык өнүгүүсү, региондор аралык инвестициялык кызыкчылыктарды арттыруу, агрардык секторду өнүктүрүү маселелери талкууга коюлмакчы.
Форумга чет өлкөлүк соода компаниясынан, жеке ишкерлер, кайра иштетүү ишканаларынан, туристтик агенттиктерден, Тышкы иштер министрлигинен, ЖК депутаттарынан өкүлдөр чакырылган.