Панфилов районунда каралбай калган имараттын чатырынан тапанча-ок чачма табылды

Панфилов районунда каралбай калган имараттын чатырынан тапанча-ок чачма табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 4-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июнь күнү аталган райондогу каралбай калган имараттын чатырынан синтетикалык капка оролгон тапанча-ок чачма (пистолет-пулемёт) табылган. Эксперттердин баамында, ал 1945-жылы СССРде чыгарылган. Учурда ок атуучу куралдын кандайча ал жакта болуп калганы иликтенүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан