Аламүдүн районунда зордуктоо фактысына шектүү адам кармалды

Аламүдүн районунда зордуктоо фактысына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 4-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 20 жаштагы К.А. аттуу кыз кайрылган. Анда ал 2-июнь күнү чала тааныш Канат аттуу бала алдап эл жок жерге алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү 38 жаштагы жаран кармалды. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан