Парламент депутаты Бакыт Төрөбаев 2013-жылы парламенттен 1 миллион 009 180 сом маяна алганын тапшырган декларациясында көрсөттү. Ага караштуу 2 үй бар, аянттары 180 жана 179 чарчы метр. Төрөбаев “автоунаам жок” деген депутаттардын катарына кирди. Депутаттын жакындары былтыр 7 миллион 650 миң сом киреше табышкан. Алардын кыймылсыз мүлкү: 3500 чарчы метрлик жер тилкеси, 385 чарчы метр аянтты ээлеген үй.