14-январда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Красная Горка - Ак-Таш унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, 12-январь күнү саат 10:00 чамасында аталган унаа жолуна 4000-5000 м³ кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган болчу. Жолду тазалоо ишине 2 бульдозер тартылып, 14-январда саат 08:00дө унаа жол бир тарапка ачылганын билдирет басма сөз кызматы.