Нарын облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан өлгөн койлордун саны 344кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунда 2-3-июнь күндөрү кар аралаш нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баетов, Терек айыл аймактарынын Орто-Сырт, Кара-Суу жайлоолорунда 3 баш жылкы, 1 баш уй, 236 баш кой-козу өлгөн. Мындан сырткары Ак-Чий айыл аймагынын Орто-Жайлоо жана Майыстан жайлоолорунда 108 баш кой-козу өлгөн. Райондук ветеринардык кызматынын маалыматы боюнча, өлгөн кой, козулардын көпчүлүгүнүн жүндөрү кыркылган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан өлгөн малдын тарпын көмүү иштери аткарылууда. Мындан сырткары Коңорчок, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Үгүт айыл аймактары боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.