Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алууга дин кызматкерлерин тартуу тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үгүт-насаат акциясы 2010-жылдагы Июнь окуясынын төртүнчү жылдыгына карата уюштурулууда.
Ага ылайык, облустук жана шаардык казыяттын кызматкерлери ынтымакты чыңдоо максатында коомчулук арасында 6-июндан тарта бир апта бою үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө тийиш.