Ушул жылдын алгачкы 5 айында өлкөнүн түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун 18 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы тарабынан ар кандай криминалдык статустары бар уюшкан кылмыштуу топтордун 18 мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иштери козголгон. Ошондой эле ИИМдин түштүк амагы боюнча УККББы уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн кылмыштуу ишмердигине бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Буга катар эле кылмыш жасап, бирок издөөдө жүргөн 16 адам кармалганы белгилүү болду.